"Апрель" телеканалы мурдагы президент Атамбаевди атайын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үйүнөн алып чыгышып, белгисиз тарапка алып кеткенин жарыялады. 

 

Ушул эле телеканалдын маалыматында, мурдагы президенттин резиденциясына 400гө жакын тарапташтары чогулду. 

 

Бирок, депутат Ирина Карамушкина Атамбаев үйүндө экенин айтты. Ал балдардын төгүлгөн каны учурдагы бийликтин моюнуна артылаарын белгиледи.