Мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кармоо операциясы уланууда. Атамбаевдин үйүнүн тегерек-четинде атайын күч түзүмүнүн кызматкерлери топтолуп турушат. 

 

Резина ок менен октолгон курал колдонулуп, мыйзымсыздыкка каршы деп аталган элдик штабдын төрагасы Кыяс Смалиев менен экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жарадар болгону айтылды. Тез жардам келген жок, бирок күч түзүмүнүн кызматкерлери өздөрү жарат алгандарга жардам беришүүдө.