Мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясына күч түзүмүнүн  кызматкерлери барып, аны кармоо операциясын жүргүзүшүүдө. 

 

Мурдагы президенттин үйүнө алып барчу жол тосулду. Эки тарапка тең адамдарды жана автоунааларды өткөрбөй, каттам тыйылды. 

 

Күч кызматкерлери резина ок атуучу атайын куралдарды колдонушууда. Атамбаевдин тарапташтарынын арасында жаракат алгандар бар. Тарапташтар күч кызматкерлерине таш ыргытышты. 

 

Учурда мурдагы президенттин үйүнө спецназ кирди, ал жактан тапанчанын атылганы угулуп жатат.