Кыргызстандан бир катар саясатчы, аткаминерлер ресторанга чогулушуп, ак тилек айтып узаткан Эдил Байсалов Улуу Британияга жетип, элчилик кызматына киришти. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

 

6-августта Байсалов Улуу Британиянын ТИМинин департаментинин директорунун орун басары Эбигейл Бойлго ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Ал миссиянын алкагында кыргы-британия мамилесин чыңдоого күч-аракетин жумшаарын белгиледи.