Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

 

Аталган мыйзамдын максаты «Бешинчи канал» жабык акционердик коомунун парламенттик телеканал статусун алып салуу жана «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу болуп эсептелет.