Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүбекова Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык буйрутма программасын, ошондой эле Бала бакчаларды куруу жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү.

 

«Бүгүнкү күнү балдардын 40% гана мектепке чейинки билим берүү менен камтылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасына ылайык 2023-жылга карата бул көрсөткүч 80%ды түзүүгө тийиш.

 

Балдарды эрте куракта өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо маселелери биздин ишибизде артыкчылыктуу болуп саналат. Себеби дал ушул куракта балдарды социалдаштыруу ийгиликтүү жүрүп, окуудагы жана жашоодогу келечек ийгиликтери үчүн бекем пайдубал түзүлөт», – деп баса белгиледи вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

 

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бала бакчаларды куруу, мамлекеттик органдар тарабынан ээленген мурдагы бала бакча имараттарын бошотуу, мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды кайтаруу иштери активдүү жүрүп жатат.

 

«Анткен менен балдардын билим берүү уюмдарынын жетишсиздиги маселеси өтө курч турат, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында. Бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик социалдык буйрутма программасы ишке киргизилет. Ага ылайык мамлекет жеке бала бакчалардын кызмат акысынын 50%ын жабууну пландаштырып жатат. Мамлекеттик колдоону көп балалуу (беш жана андан ашык) жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышат. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөр дагы өтүнмө калтыра алышат», – деп кошумчалады Алтынай Өмүрбекова.

 

Кеңешмеде белгиленгендей, 2019-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жеке бала бакчаларга 1000 баланы, Ош шаарында 500 баланы жайгаштыруу пландалууда. Бул үчүн жылына 48 млн сом талап кылынат. Социалдык буйрутманы каржылоо Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинен ишке ашат.

 

Кеңешменин катышуучулары билдиргендей, программага катышууну каалаган ата-энелер жана бала бакчалардан билдирмелер келип түшүүдө. Учурда бул программага катыша ала турган жеке бала бакчаларды тандоо процедуралары жүрүп жатат.  Ата-энелер долбоорго катышкан өздөрүнө жаккан каалаган бала бакчасын тандап жана ал жакка багыттама-талон ала алышат. Баланын артынан төлөм жөнөтүлөт.

 

Бала бакчаларды куруу жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү билдиришкендей, алар тарабынан жаңы бала бакчаларды куруу, ошондой эле бул бала бакчаларды эң натыйжалуу ыкма менен ишке берүү боюнча жеке өнөктөштөр менен келишимдерди түзүү долбоору демилгеленген.

 

Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бала бакчалардын курулушу үчүн 10 жер тилкеси тандалган.

 

Планга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча бардык бала бакчаларды борбор калаадагы жаңы конуштарда куруу пландалууда.

 

Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө Мамлекеттик социалдык буйрутма программасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 3-7 жаштагы балдарга жеке бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү үчүн мамлекеттик социалдык буйрутма программасы иштелип чыкты.