Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу биринчи  вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

 

Чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцисынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.

 

Кечээ Кыргыз Республикасынын биринчи  вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Нарын облусуна барып, анда ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктады.

 

Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөт.

 

«Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат», – деди биринчи вице-премьер-министр.

 

Эскерте кетсек, «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. «Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет.

Кен – Бучук жана Алтын -Төр деген 2 участоктон турат.

 

«Zhong Ji Mining Company» Кытай-Кыргыз ЖЧК компаниясына кен пайдалануу укугуна биринчи лицензия 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.З.Курманалиев тарабынан берилген.

 

Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев  тарабынан узартылган.

 

Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши мезгилинде алган.

 

3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Лицензияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы И.К.Чунуевден алышкан.