Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 20 жаштагы Н. У М.га карата өкүм кабыл алды. Ага ылайык, жаран “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук” беренеси боюнча 20 жылга эркинен ажыратылды.

 

Өкүмдө Н.у М. Бишкекке Ош облусунан келип, убактылуу бир тууган агасыныкында жашап калганы жазылган.

 

Баланын энеси короодо тиричилик менен алектенип жүргөнүнөн пайдаланып, айыпталуучу кызды экинчи кабатка алып чыгып ыдык көрсөтө баштаган.

 

Сексуалдык канааттануу алгандан кийин кызды кайра биринчи кабатка алып түшкөн. Бир канча убакыттан кийин эне кызынын памперсинен сперма көрүп калган. Дароо милиция чакырышкан.

 

Сот жыйынынын жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн жарым жартылай моюндады. Айтымында, кызды ойноткону чын, бир убакта жыныстык кумары башталып, андан ары эмне болгонун өзү да билбей калган.

 

 Сот жыйынын жүрүшүндө кыздын ата-энеси айыпталуучуга доосу жок экенин билдиришкен жана тосмо арыз жазышкан.