УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарында,  сайттарда жана социалдык тармактарда Солтон-Сары алтын кенинде болгон окуяны чагылдырган  видеотасмалар тарап жатканы боюнча билдирүү жасады. 

 

"Видеоматериалдар коомчулуктун терс  реакциясын жаратууда жана  инвесторлор менен «Zhong Ji Mining company» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын ортосунда улут аралык тирешүүсүнө себеп болушу мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө. 

 

УКМК мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратааарын белгиледи. Андыктан, аталган комитет жогорудагы коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдоноорун билдирет.