Орус басылмаларынын жазганына караганда, Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде бычакталган кыргызстандыктын өлүмүнө шектүүлөр кармалышты. Алар улутчулдук менен алектенген үч жаш жигит болуп чыккан. 

 

Маалыматка караганда, окуя 26-июлда болгон. Саат 22.00дөр чамасында 17, 18 жана 19 жаштагы үч жигит гүлбакта сейилдеп жүрүшкөн. Алардын жанынан 25 жаштагы Ууал жана 32 жаштагы Алтын аттуу кыргызстандыктар өтүшкөн. Алар жумуштарынан үйгө кайтып баратышкан. Кийинчерээк, кармалгандардын бири гастарбайтерлердин көз карашы жакпаганын, жактырбай караган, же туура эмес сүйлөгөн, айтор, ал газ баллон алып чыгып, каршысындагылардын көзүнө суюктук чачып жиберген. Андан кийин берки үчөө чөнтөгүнөн бычак сууруп чыгышкан. Ууал ошол жерде каза тапкан, Алтындын колу жарадар болгон, бирок качып кетүүгө үлгүргөн. 

 

Бир жумадан кийин шектүүлөр кармалган. Улутчулдардын жанынан ар кандай муздак куралдар табылган. Жабырлануучу ал үчөөн тааныган.