Нарын облусунун бириктирилген ооруканасына Zhong Ji Mining алтын кен кытай компаниясынын 20 жумушчусу кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

 

Маалыматка караганда, жабыркагандар ооруканага 4.30да кайрылышкан. Аларга баш мээнин жабык жабыркашы, баш мээнин чайкалышы деген диагноз коюлган. Жабырлануучулардын баарынын акыбалын дарыгерлер туруктуу деп баалашууда. Тийиштүү дары-дармектер менен камсыз болуп, медициналык жардам алып жатышат. 

 

Эске салсак, 5-августта Солтон-Сары алтын кенине Нарын районунун 300дөй тургуну барып, компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышкан.