Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына жаңы төрага – Алтынбек Торутаевди тааныштырды.

 

Өкмөт башчы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, жаңы жетекчиге ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.

 

«Сиз бажы кызматынын иш өзгөчөлүгүн жакшы билесиз жана мен оңдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетиңизди жумшайсыз деп ишенем. Мен Премьер-министр катары сизге ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берем. Бардык посттордо, ар бир иш тилкесинде тартипти камсыздоого тийишсиз.

 

Бажы ишин максималдуу түрдө ачык кылуу үчүн бардык процесстердин ачык-айкындыгын камсыздоо маселесине басым коюшуңуз керек. Көйгөйлөр топтолгон жерлерде активдүү иштерди жүргүзүү маанилүү болуп саналат. Өлкө экономикасы үчүн өз ишинин маанилүүлүгүн түшүнүүгө умтулган, чынчыл жана компетенттүү кызматкерлерди колдоо керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Өкмөт башчы ошондой эле кызматкерлердин көңүлүн бажы тутумун фискалдаштырууну, бажы инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, заманбап идентификациялык-текшерүү комплекстерин курууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгына бурдурду, бул жүк унааларынын бажы көзөмөлүнөн өтүү ылдамдыгын жогорулатат.