Азыркы учурда Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, туруктуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

Окуя болгон жерде Ички иштер министри-Кашкар Джунушалиев менен анын орун басары бар.


2019-жылдын 5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен. Чогулгандардын саны 300 жакын жашоочуларды түзгөн. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди.


Аталган факты Нарын ОИИБде КЖБРге катталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Азыркы учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда абал туруктуу.