Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

 

Окуя 5-августта түштөн кийин Кыргызстандын Лейлек районуна караштуу Максат айылы менен Тажикстандын Гафуров районунун Овчи-Калача айылынын ортосундагы жерде болгон.

 

Бөрүбаеванын айтымында, ортодогу тактала элек тилкеде пикир келишпестик чыккан.

 

- Тажик жарандары «футбол аянтчасын тазалайбыз» деп келишкен экен, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү. - Ал жер кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек тилке болуп эсептелет. Кыргыз чек арачылары барып, ал жер тактала элек экенин, андыктан эч нерсе жасоого болбой турганын айтышкан. Ортодо пикир келишпестик жаралган, бирок түшүндүрүү иштеринен кийин тажик жарандары футбол аянтчасынан чыгып кетишкен.

 

Бөрүбаева кошумчалагандай, окуя болгон жерге эки райондун акимдери жана чек арачылары барышкан. Азыр абал туруктуу.

 

Тажик тараптын расмий органдары бул тууралуу азырынча маалымат жарыялай элек.

 

«Тажикстандын жана Борбор Азиянын жаңылыктары» деген сайт ал жерди кыргыз жарандары базар катары колдонорун, тажикстандыктарга каршылык көрсөтүлгөнүн жазып чыкты.