Аттиң, шум ажал эми гана эр жигиттин баралына келип турган курагында, 54 жаштын даамын тата баштаган кезинде кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын бири, таланттуу журналист, күчтүү пиар-адис, саясий технологияларды коён жатагына чейин билген, канчалаган саясатчыларды, саясий партияларды женишке сүйрөгөн агам – Борис Арабаевди арабыздан алып кетти...

 

Бизди табыштырган “Кабар” улуттук маалымат агентчилиги болду. 2006-жылдардан баштап аталган агенттикте иштей баштап, анда башкы редактор болуп турган Борис Анисович менен алгач иш үстүндө, андан кийин бара-бара бир туугандык мамиледе арабыз жакындай түшкөн. Биздин бир тууган болушубузга орустун жигити, элдин көпчүлүгү жалаң жакшы сөздөр менен айтып жүргөн Олег Рябов көп салым кошту. Ал киши 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин аргасыздан Орусияга көчүп кеткен. Мына ошол Олег Иванович, Борис Анисович үчөөбүз бири-бирибизге тууган болуп, жумушту ынтымактуу алып барганыбыздан улам “Кабардын” рейтинги ал кезде кыйлага көтөрүлгөн. Ошол кезде биз менен чогуу иштеген “Кабардын” журналисттеринин да абалы оңолуп, айлык акылары көтөрүлүп, жакшы шарттар түзүлгөнүн алардын баары азыр да айтып калышат. 2010-жылкы окуялардан кийин ишсиз калганыбызда Борис аке: “ойлонбогула, биздей адистер көчөдө калбаш керек...”- деп таамай айтыптыр. Андан кийин Борис Анисович президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин штабында иштеп, шайлоо программасын жазып чыгып, талапкер ошону менен аламан жарышка чыкты. Көп өтпөй Борис Арабаев Акыйкатчы институтунда басма сөз кызматын жетектеп калды. Ал жерде да кыйла үзүрлүү иштеп, акыркы учурда Улуттук статистика комитетинде пресс-секретарь болуп иштеп жаткан...

 

Акыркы ирет апрель айынын аягында, майдын башында үйүндө АКШдагы уулубуз Азаттын үй-бүлөсү менен келишинин урматына жолукканбыз. Уулубуз деп айткан себебим – мени Азат атасы сунуштаган кадыр-барктуу, колунда бар адамдарга карабастан, өкүл ата кылып шайлап алган. Ошол Азат АКШда кыздуу болуп, небере менен кездешип, кубанычыбыз койнубузга батпай, кыйлага чейин сүйлөшүп олтурганбыз. Борис аке чоң ата болгонуна жетине албай, кадыресе толкундаганын көрүп, мен да ичимен ыраазы боло, сүйүнүчтөн көз жаш алгандай болдук. Мына ошол небере жытын жыттаганга чейин кызыбыз бир жашка толуп калган кез да... Балдар алыста жүрсө, жүрөк дегдеп... ата байкуш небересине жете албай, канча сагынуу сезимин айтып жүрдү... Мына ошондогу кубанычыбыз азыр дагы көз алдымда турат. А бирок, минтип, арадан эки ай өтпөй Борис акеме эстутум жазып каларым, үч уктасам да түшүмө кирбей турган жорук болду. Жакшы адамдар аз жашайт тура, көрсө... Агамдын жүрөгү эми гана чоң ата болуп, жашоонун жыргалына жете баштаган кезде токтоп калганына кабыргам кайышат. Эмнеге? Ушундай да таш боордук болобу? Жүрөк оорусу кимде жок, Борис акемдин бизди таштап кеткенине ичим ачышып, катуу кайгырып атсам жубайым болсо мени аяйт, “болду эми, көп кайгыра бербе, пендечилик бул, Кудайдын бешенеге жазган тагдыры, сен да жүрөк оорулуу болуп калба...”- деп. Мен үй-бүлөмдө улуусумун. Ошондуктан, Борис акени бир тууган агам шайлап, ага таянып келдим. Таянычың, жаныңдан артык көргөн адамың сени таштап кетип жатса, айткылачы, кантип жүрөк сыздабайт, кантип кайгырбай коё аласың! Жүрөк тилинип, аба жетпей, баш караңгылап... “Эмнеге?”- деген гана суроо ээлейт боштукту. Бирок, ага Жараткандан башка эч кимдин жооп бере албастыгын түшүнөм!

 

Кош, Борис аке! Менин бир тууган агам! Сиз кеткен менен, жаркын элесиңиз жүрөктө жашай берет! Азыр ушул текстти жазып жатып, экөөбүздүн чогуу баштан өткүргөн окуяларыбызды бир эстеп, жашып алдым. Жараткан жанаттан орун бере көр! Дагы кайталайм, сиз биздин жүрөктө терең орун алган адам катары, дайыма анда жашайсыз! Бул турмушта мага аягына чейин бир тууган болуп, таянычым, тирөөчүм болуп, жол көрсөтүп келгениңиз үчүн Сизге чоң рахмат!!!

 

 

иниңиз Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан. kg” гезити