Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Минск шаарында туулган күнүн белгиледи. Ал 1-августта 70 жашка толду. 

 

Соцтармактагы тараган видеодо Бакиевдин сүйлөп жатканын көрүүгө болот. 

 

"Кыргызстан менен Өзбекстан коңшу өлкө гана эмес, ал жакта менин досторум да бар. Учурдагы президент Шавкат Мирзиеев премьер кезинде мени тосуп алган. Экөөбүз Самаркандда эки күн болгонбуз. Самарканддагы иш сапарым менде жылуу элес менен сакталып калды. Бул тостту чыгыштын даанышмандыгы, философиясы, меймандостугу үчүн көтөргүм келет", - деди мурдагы президент.