"Электрдик станциялар" ААКсында башкы директордун милдетин убактылуу аткарып жаткан Аскаралы Кайбалиев кызматка 13 тууганын алганын, анын арасында жубайы жана уулу да бар экенин коомдук ишмер Расул Умбеталиев айтып чыкты. 

 

Расул Умбеталиев президент Жээнбеков билдирүүлөрүндө үй-бүлөлү-кландык башкаруу менен күрөшө турганын бир нече жолу белгилегенин эске салып, Кыргызстандын энергетикалык тармагында "кылмыш-мафиялык-аймактык-үй-бүлөлүк клан" баш көтөрө баштаганын жарыялады. 

 

Эске салсак, 2019-жылдын март айында аталган ААКнын мурдагы директору Аскар Эшимбеков каза тапкан. Мындан улам 12-апрелде башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Аскаралы Кайбалиев дайындалган. 

 

Ал эми "Электрдик станциялар" ААКнын басма сөз кызматы коомдук ишмердин маалыматын четке какты. Анда билдиришкендей, Кайбалиевдин жубайынын кесиби электрик жана бул жаатта ага турмушка чыга электе эле иштеп баштаган. 

 

"13 тууганын ишке алганын кантип санап чыкты? Жумушка кабыл алууда туугандары ким экенин сурабайбыз. Эгер тереңдеп карай турган болсок, Кыргызстандын жарандары бири бирине кандайдыр бир туугандык байланышы бар болуп чыгышат. Биздин ишканада 4,5 миң адам иштейт, өлкөнүн жалпы энерготармагында 16 миң кызматкер бар", - дешти басма сөз кызматы.