Ош облусуна караштуу Алай районундагы “Сары-Таш” машыгуу майданында “Сары-Таш – 2019” атайын аскердик-тактикалык биргелешкен машыгуусунун жыйынтыктоочу этабы жүрүгүзүлдү. Бул машыгуу Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын планына ылайык Мамлекеттик Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн абдан активдүү катышуусунда өткөрүлдү.

           

Айтмакчы, аталган машыгуунун жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков өзү байкоо жүргүздү.

 

Президент адегенде аскерлердин курал-жарактары, аскер шаймандары, согуштук техникалары жана каражаттары менен кең-кесири таанышты. Андан соң “Сары-Таш – 2019” аскердик тактикалык машыгуусунун алкагында өлкөбүздүн куралдуу күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрү ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттенүүдөгү даярдыкты жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын операцияны жүзөгө ашырышты. Мамлекеттик Чек араны коргоо, жергиликтүү тургундарды ыкчам көчүрүү, туткундарды токтоосуз бошотуу, ошондой эле согушкерлерге бөгөт коюу жана токтоосуз жок кылуу боюнча тапшырмаларды дагы абдан абийирдүү  аткарышты.

 

Өз сөзүндө Башкы командачы Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздукту бекемдөө - биздин ички жана тышкы саясатыбыздын негизги багыты экендигин баса белгиледи:

 

“- Коопсуздукту толук кандуу камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө өзгөчө милдет жүктөлгөн. Ошондуктан, өз ара аракеттерди мындан ары токтоосуз бириктирүүбүз абзел жана Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин аракеттерин натыйжалуу жөнгө салууну толук кандуу камсыздообуз керек! Мында бардык мамлекеттик органдардын иши натыйжалуу координацияланбаса, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу дегеле мүмкүн эмес! Ушул максатта “Сары-Таш – 2019” машыгуусу чоң ынтаа менен өткөрүлүп жатат.

 

Мамлекет башчысы мындай машыгууларды ыраатуу түрдө өткөрүү мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишине гана өбөлгө жаратаарын жана кошуна өлкөлөр менен тыгыз кызматташтыктын духуна шайкеш келээрин кошумчалады.

 

- Ар түрдүү уюмдарга жана союздарга биригүү менен көпчүлүк мамлекеттер эл аралык терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү көмөктөшүп жатышат. Бул күрөштө биздин республика башка мамлекеттер жана эл аралык коомчулук менен бир катарда турат. Кыргызстандын БУУга, ШКУга жана ЖККУга катышуусу учурдун чакырыктарынын жана коркунучтардын алдын алууда бардык мамлекеттердин жалпы дараметин ого бетер жогорулатат,- деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Буга улай президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын армиясынын дараметин жогорулатууга жардам берип жатышкан өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө дагы терең ыраазычылыгын ачыктады. Анткени, бул маанилүү иш-чарага Орусиянын, Казакстандын,  Индиянын аскер атташелери, орусиялык “Кант” аскерий базанын жетекчилиги жана эл аралык Кызыл Крест комитетинин өкүлдөрү дагы катышышты.

 

Ошентип, Алай районунун “Сары-Таш” машыгуу майданындагы “Сары-Таш – 2019” атайын аскердик-тактикалык биргелешкен машыгуусунун соңунда өлкөбүздүн президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин кол башчысы Алмазбек Карасартовго Алайдагы “Сары-Таш” машыгуу майданынын инфратүзүмүн мындан дагы жакшыртуу максатында 300 миң сомдук тастыктамасын тапшырды.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити