Сирия Араб Республикасынын «Качкындар үчүн курд лагерлеринде» кармалып жаткан жана Ирак Республикасынын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

 

Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, бардык жумушчу топтун мүчөлөрүнө Ирак Республикасынын визасы чечилген жана Кыргыз Республикасынан Ирак Республикасына чартердик рейсти уюштуруу маселеси чечилген. Мындан тышкары Ирак Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттар такталды.

 

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында каралып жатат.

 

Белгилей кетсек, Ирак Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана ирак тараптын ички процедураларын эске алып, аталган жумушчу топтун мүчөлөрү Ирактын Багдад шаарына ушул жылдын сентябрь айынын башталышында Ирак Республикасынын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өткөрүп жаткан Кыргыз жарандарынын балдарын алып келүүгө бара турганы чечилди. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү даярдыктар жүрүүдө.

 

Ал эми Сирия Араб Республикасынын “Качкындар үчүн курд лагеринде” кармалып жаткан Кыргызстандыктарды кайтарып келүү маселеси боюнча, Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси аркылуу Сириядагы качкындар үчүн курд лагерлерине кире алуучу Эл аралык уюмдарынын ресурстарын колдонууга, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сирияда жүргөн даректерин так аныктоого жана аларды Кыргызстанга кайтарып келүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар бүгүнкү күндө жүргүзүлүүдө.

 

Өкмөт тарабынан тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп, бул маселе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө турат.