Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланганын УКМК билдирди. 

 

Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жооптуу кызматкерлерине жаңы муундагы паспортторду даярдоо кызматын сатып алуудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, иштин фигуранттарынын бири Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова суракка чакырылган. Бирок, ал суракка жана башка тергөө амалдарынын жүрүшүнө катышкан эмес. 

 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасына КР Кылмыш жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш жасалгандыгына шектенүү пайда болгону кабарланган. КР Кылмыш жаза кодексинин 239-беренесине ылайык Алина Шаиковага издөө жарыяланды. 

 

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.