Спортчу Айсулуу Тыныбекова аялдар ортосундагы күрөш боюнча Poland Open эл аралык турниринде күмүш медалга ээ болду. 

 

Бул тууралуу КР спорттук күрөш Федерациясынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, турнир 2-4-августта Варшава шаарында өткөн. 62 кг салмак категориясында 22 спортчу күч сынашкан. Алардын арасында Айсулуу Тыныбекова да бар. Ал Швециянын спортчусу Мо Нигренди, Украинадан барган Татьяна Рижкону жана россиялык Инна Тражукованы жеңип алган. Чечүүчү кармашта Тунистен келген спортчу Марва Амри менен таймашышы керек эле, бирок белгилүү себептерден улам таймашка чыгуудан баш тартты. 

 

Аталган Федарациядан билдиришкендей, Айсулуу Тыныбекованын бутунун булчуңдары чоюлуп калган. Жараатты күчтөндүрбөш үчүн башкы тренер Нурбек Изабеков спортчуну финалга чыгарбоону чечкен. Калыбына келүүгө эки жумадай убакыт керектелет. 

 

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү.