Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков Бишкекте өткөн "Ала качууну алдын алуу жана болтурбоо" деген талкууда билдирди.

 

- 2019-жылдын алты айында ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду. Анын 94ү кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12си никеге турууга мажбурлоо. Иштердин көбү сотко өттү,- деди Рысбеков.

 

Милициянын маалыматына караганда, ала качуу айыл жергесинде көп катталат.

 

Бүгүнкү талкууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, тарыхчылар, дин таануучулар катышып жатат.

 

Бириккен Улуттар Уюмунун гендер боюнча соңку баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуу жолу аркылуу курулары айтылган.

 

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык быйылтан тарта Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.