Бул туурасында Кыргыз Чекара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдады.

                       

Баткенде Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим өз ара сүйлөшүштү. Анда тараптар абалды жөнгө салуу, жабылган жолдорду кайрадан ачууну макулдашышты.

 

Ошентип, эки тараптын ачык диалогунун натыйжасында Исфана-Баткен-Исфара-Ворух жолдору мурдагыдай эле ачылып, кадимки тартипте иштей баштады. Жаңжалдан улам Баткен шаарындагы беш жерге жайгаштырылган айыл тургундары үйлөрүнө жеткирилүүдө. Анткени, Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган эле.

 

Айтмакчы, Кыргыз-Тажик чек арасындагы чатак 22-июль күнү ырбаган. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары өз ара чырдашкан. Анткени, Ворух анклавнын тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда, аксайлыктар буга каршы чыгышкан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок дагы атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган эле. Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө дагы жараланган. Жолдор жабылгандыгына наарызыланган Баткен облустук акимчилигинин алдына митингге чогулушкан.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити