Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын июль айында 6 млрд 747,1 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген план 102,2 %га аткарылды. 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754,4 млн сомго өстү.

 

Ушул эле мезгилде 2 млрд 512,5 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 266,2 млн сомго өстү.

 

Ошол эле учурда, 6 айдын жыйынтыгы боюнча толугу менен чогултулбай калган салыктардын (1 млрд 517,4 млн сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн (750,1 млн сом) суммасы июль айындагы пландын ашыгы менен аткаруунун эсебинен салык боюнча 147,1 млн сомго жана социалдык төгүмдөр боюнча 79,7 млн сомго кыскарган.