УКМК  Мамлекеттик каттоо кызматынан мурдагы төрайымы Алина Шаикова суракка чакырылганын билдирди. 

 

Аталган комитеттин маалыматына караганда, жаңы муундагы паспортторду чыгаруудагы коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши иликтенүүдө. Бул кылмыш ишинин фигуранттарынын бири - Алина Шаикова болду. 

 

Мурдагы төрайымга анын адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу кагазы берилген. УКМК: "Эгер 2019-жылдын 5-августуна чейин суракка жана башка тергөө амалдарын жүргүзүүгө катышпаса, анда КР Кылмыш жаза кодексинин 239-беренесине ылайык, жаран А. Шаиковага издөө жарыяланат", - деп билдирди.