Президент Сооронбай Жээнбеков миграция жаратчу кесепеттерге токтолду. Ал бул тууралуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча Кеңештин биринчи жыйынында билдирди. 

 

"Тез өзгөрүүгө дуушар болгон сырткы жана ички процесстер чегара аймагындагы райондордун социалдык жана экономикалык кырдаалын курчутат. Бул улуттук жана аймактык коопсуздукка коркунуч туудурат", - деди президент. 

 

Ал учурда миграция дээрлик ар бир үй-бүлөгө жеткенин белгиледи. 

 

"Биз өнүгүүнүн так багытын аныкташыбыз керек. Мекендештерибиздин статусун мамлекет мыйзамдуу тактап, кабыл алуусу зарыл. Мекендештерди тартуу боюнча укуктук, социалдык жана экономикалык механизмдерди иштеп чыгып, бекитүү керек. Ошондой эле байланышты, кызматташууну күчөтүү туура", - деди өлкө башчы. 

 

Андан ары мамлекет башчы мигранттардын балдарына байланышкан маселеге токтолду. 

 

"Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган тобокелчилик - бул мигранттардын миграция учурунда төрөлүп, кароосуз калган балдары", - деди Жээнбеков. 

 

Айтымында, мигранттардын суранычы менен мекен-карт боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты, ага ылайык жаңы укуктук статус киргизилет. Аны алган жарандар Кыргызстанга каалаган учурунда келе алышат. /Ошондой эле инвестиция салууга, билим берүү кызматына кошулууга, жумушка орношуу жана саламаттыкты сактоо маселелерин чечүүгө өбөлгө болот.