Бишкектин Биринчи май райондук соту айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба Мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы Арслан Ибраевдин баш коргоо чарасын карады. Анын жыйынтыгында, аталган мамлекеттик кызматкерлер эки айга камакка алынышты. 

 

УКМКнын маалыматына караганда, 2019-жылдын 30-июлунда ыкчам-тергөө чараларынын негизинде Рустамов менен Ибраев 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 

 

Териштире келгенде, алар чет өлкөлүк жарандан Ысык-Көл токой чарбачылыгынын жер фондунан Ананьево айылындагы беш гектар жерди иштетүү  боюнча маселесин оң тарабына чечип берүүнү убадалашып  2 миң доллар сурашкан. 

 

Кармалгандарды тинтүү учурунда ага дейре алынган миң доллар пара табылган.