Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунун Мамыров көчөсүндө жайгашкан "Петролиум" май куйуучу жайында кечээ, 31-июлда өрт кырсыгы катталган. Анда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыккан.
Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 22:23тө келип түшкөн. Тилсиз жоо саат 23:09да чектөөгө алынып, түнкү саат 23:45те толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр жалындын май куюучу жайга өтүп кетүүсүнө жол беришкен эмес.
Өрт өчүрүүгө жалпысынан 6 бөлүм тартылган. Ал эми жабыркагандар тууралуу эч кандай маалымат жок. Учурда өрт эмнеден келип чыкканы иликтенүүдө.