Мекеге Кыргызстандан барган зыяратчыларды атайын акысыз автобустар ташып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтияты билдирди. 

 

Маалыматка караганда, кыргызстандык ажылар  Мекке шаарынын Дауар Кудей районундагы  сегиз жатканага акысыз жайгашышты. Эми  ажылыкка чейинки ибадаттарын аткарышууда.

 

Ажылыр үчүн уюштурулган сегиз автобус айланма жол аркылуу ажыларды мейманканадан ыйык Кааба мечитине алып барат. Калган автобустар Кааба мечитинен өз амалдарын аткарып чыккан ажыларды мейманканаларга жеткирет.

 

Эске салсак, учурда  6010 болочок ажы Мекке шаарында  ажылыкка тиешелүү амалдарын аткарып жатышат.