«Кыргызстанда жасалган» бренди тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

 

Ал экологиясы таза, органикалык продукцияны Кытай Эл Республикасына экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы бекитилгенин, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

 

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Экспортту өнүктүрүү боюнча Өкмөт программа кабыл алган. Ага ылайык кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

 

«Химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык конкуренцияга туруштук беребиз. Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган экопродукциянын брендин күчөтөт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгону жана ВСП+ статусунун болушу дагы экологиялык таза кыргыз продукциясына чоң рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн бергенин эске салды.