Саясий серепчи Табылды Акеров Алмазбек Атамбаев менен Россия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу боюнча пикирин Каktus.kg маалымат булагына билдирди.

 

– Табылды мырза, сиздин оюңузча, бул жолугушуудан кийин Кыргызстандагы кырдаал кандай өнүгөт?

 

– Менимче, Владимир Путин биздин өлкөнүн көз карандысыздыгына жана бүгүнкү президент Сооронбай Жээнбековго урмат-сыйын көрсөтүү менен өлкөбүздөгү кырдаалдын өнүгүүсү боюнча так позициясын билдирди. Путин Кыргызстандын коомчулугуна, саясий элитасына кайрылып Жээнбековдун айланасына биригүүгө, аны колдоого алууга чакырып өттү. Ал өз сөзүндө Кыргызстан эки революцияны баштан өткөргөнүн эске салып, ушуну менен токтоо керектигин белгиледи.

 

Экинчи революциянын натыйжасы менен Кыргызстан эмнеге жетишти? Эки революция мамлекеттеги кырдаалды жакшы жагына өзгөрткөн жок, элдин турмушунун оңолуусу жөнүндө айтпай эле коелу. Ошондуктан саясий элита кырдаалды сергек, туура баалоо менен бирге мыйзам чегинде жана элдин, өлкөнүн кызыкчылыгында гана аракеттерге барышы зарыл.

 

Путин өзүнүн позициясын билдирип жатып, аны Атамбаевге так жана ачык жеткиргенин, Россия үчүн саясий оюндар менен интригалар эмес, стабилдүүлүк маанилүү экенин түшүндүргөнүн айтты. Бирок Атамбаевдин билдирүүлөрү баарын жокко чыгарып салгандай эле болду. Путиндин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, президентибизге, кыргыз элине болгон урмат-сый мамилесин уруп да койгон жок. Өзүнүн билдирүүлөрү менен Атамбаев азыркы президенттин үстүнөн арызданып барган марионетканын ролун ойноп атат. Москвага барып алып, “Жээнбековго чара көргүлө”- деп арызданып келди. Атамбаев Путинге: “Жээнбеков позициясын эле өзгөртпөстөн, өлкөдө ким кожоюн экенин билип жүрсүн”- дегенди айттыргысы келди. Муну анын: “Владимир Путин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшө турган болду”- деп айтканынан даана байкоого болот. Жээнбеков менен сүйлөштүрүү – анын башкы максаты болчу. Мени таң калтырганы, ал: “биз өзүбүздүн ички маселелерди өзүбүз чечебиз”- деди. Демек, Атамбаев Москва ал үчүн Жээнбеков менен мамилени бузбай турганын, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө сый мамиле кыларын эң жакшы билген. Анда Москвага баруунун кандай зарылчылыгы бар эле? Сыягы, өзүнүн тагдырын жеңилдетүүгө жардам сурагысы келген окшойт. Бирок андай болушу мүмкүн эмес да… Эми өзүнүн позициясын билдирген Атамбаев президент Жээнбековдун ишине болушунча тоскоолдуктарды жаратып, оппозиция болорун ачык эле кыйыта баштады.

 

Атамбаевдин билдирүүсү өлкөнүн эртеңине терс зыянын тийгизиши ыктымал. Анын жолун эртең бийликке келишчү башка саясатчылар да жолдошу мүмкүн. Анда мамлекетибизде стабилдүүлүктү унутуп эле койгонубуз оң. Атамбаевдин билдирүүсүн ушул өңүттө кабылдашыбыз керек. “Мени тынч койбосоңор, мен да силерге тынчтык бербейм” – деген позицияга өттү.

 

Атамбаев ага эч ким таасир кыла албай турганын көрсөттү. Эсине келип, этегин жыяр түрү жок. “Тагдырыма таарындым” стилинде өзүнүн принциптери, ишенимдери менен иш-аракеттерди кыла берчү адам экенине көзүбүз жетти.

 

– Жолугушууда көңүл бурчу кандай жагдайлар болду?

 

– Москва бул жолугушуу менен чакан Кыргызстанга өзүнүн ордун, таасирин көрсөткүсү келген жок. Путиндин билдирүүсүндө Кыргызстандын суверенитеттүүлүгүнө шек келтирчү кымындай да ой болбоду. Путиндин так, олуттуу, бекем ишенимдеги лидер экенин көрө алдык.

 

– Атамбаевдин “Путин Жээнбеков менен сүйлөшө турган болду” – деп айтканын кандай баалайсыз?

 

– Атамбаев өзүнүн сөздөрүндө адатынча калптарды урдурууда. Убакыт өткөн сайын позициясын жоготуп баратканын сезип атат. Москвага жасаган сапары да күткөндөй натыйжа бербеди. Эгерде сапар ийгиликтүү болгондо, Атамбаев Москвадан эле маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда аны “таажы кийгизилген” королдой тосуп алышы керектигин айтмак. Путин эч качан каяктагы бир СДПК деген партиядан улам Кыргызстандын ички ишине кийлигишпейт. Бул темада Жээнбеков менен сүйлөшпөйт дагы, Путиндин деңгээлиндеги маселе эмес.

 

Бүгүнкү күндө СДПК партиясы экиге бөлүнүп калганын Кыргызстандын эли жакшы билет. Сасий кеңештин жарымы коррупциялашкан Атамбаев тарапта болсо, бир бөлүгүн Сагынбек Абдрахманов башкарууда. Атамбаев жана Асель Кодуранованын ар бир алешемдиктери Абдрахмановдун гана пайдасына ойноп атат.

 

 

Которуп даярдаган Арина Рысбаева

 

Булак: «Майдан. kg» гезити

 

 

Twitter