Экс-мэр Нариман Түлеев дагы бир кылмыш ишинин фигурантына айланганы тууралуу маалымат таратылган. Түлеевге кылмыш иши Октябрь райондук соту тарабынан козголгон жана ал 2009-жылы алты жер тилкесин менчиктеп алууга шектелүүдө.
Нариман Түлеев бул тууралуу мындай деди:
"Мен чет өлкөдө эс алып жүргөм, кылмыш иши козголгонун угуп, Кыргызстанга шашылыш кайтканы жатам. Мен Атамбаев эмесмин, сурактан качпайм. Тергөөчү чакырган күнү сурак берүүгө барам".
Экс-мэр өзүнө тагылган айыптарды четке какты.
"2009-жылы мэр болуп иштегем, мэрдин жер бөлүштүргөнгө ыйгарым укугу жок. Шаардык кеңештин атайын комиссиясы тарабынан жер бөлүштүрүү жүргүзүлгөн", - деген ал тергөө баарын тыкыр иликтеп, акыйкаттыкка жетээрине ишеним артаарын жашырган эмес.