Эртең, 1-август Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин туулган күнү. Анын 70 жаш юбилейине карата куттуктоолор айтыла баштады. Бүгүн Кыргызстандын эки телеканалында мурдагы президент тууралуу тасма тартууланды. Бул коомчулукта каршы пикирлерди жаратты. 

 

УКМК бул боюнча төмөнкүдөй билдирүү таратты: 

 

"Мындай мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт.

 

Буга байланыштуу, УКМК маалыматтардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет".