Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (ЭКККМК же Финпол) билдиргендей, “Т.Т.”, “Д.Т.” жана “ТКА.” аттуу үч компания 18 млн. сомдук салык төлөгөн эмес.

 

Биринчи эки компания “Тарим Транс” жана “Делюкс Транс” деген компаниялар болушу мүмкүн. Бул компаниялар менен ага-ини Матраимовдордун бирөөсү байланыштуу болгон - Руслам Матраимов.

 

Мындан тышкары, тергөөчүлөр Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Турганова эмгектенген “E.E.S.” компаниясы 6,2 млн. сомдук салыкты жашырганын аныкташкан. Финпол бул акчалардын орду текшерүүнүн жыйынытыгы боюнча толтурулганын кабарлады.

 

Финполициянын маалыматы боюнча, Матраимовдун аялы Ысык-Көл облусундагы коттежге жана “Лексус GX 460” машинасына ээлик кылып, үч батирди сатуу боюнча келишим түзгөн - экөөсү Бишкекте, бирөөсү Ошто.

 

Ошондой эле, Финпол Матраимовго Ош облусундагы жер тилкеси жана Чүй облусундагы бир үй таандык экенин аныктаган. Бул мүлктөр кийинчерээк жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

 

Каржы полициясынын маалыматы боюнча, Матраимовдордун жогоруда айтылган мүлктөр - бул Кыргызстанда гана табылган мүлктөр. Алардын мүлктөрүн чет өлкөдөн табуу үчүн тергөөчүлөр ар кайсы өлкөлөргө сурамжылоо жөнөтүшкөн.

 

Бирок жакын тууганы Каржы полициясында иштеген Матраимовдордун мүлкү тууралуу бул бүтүмдүн канчалык реалдуу экендигине ишенүүгө болобу? Анткени эл арасында алардын байлыгы сом эмес, доллар түрүндөгү бир нече жүз миллион менен өлчөнүп келет...

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити