Кыргызстандын Франция жана Италияга толук кандуу элчилигин ачуу боюнча иш аракеттер жүрүүдө. Бул тууралуу КР ТИМдин расмий өкүлү Уланбек Керимбаев билдирди. 

 

Айтымында, эртең Кыргызстан менен АКШнын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешүү башталат. Андан тышкары Россиянын Сургурт, Якутск, Түштү-Сахалинск жана Иркутск шаарларында да Кыргызстандын канцеляриясын ачуу пландалууда.