Чүй облусу боюнча ажылык парзын аткаруу үчүн 817 адам Мекке жана Медина шаарларына учуп кетишти.

 

Муфтияттан билдиришкендей, Чүй, Токмок жана Кемин хатибияты биригип 128 адам, Ысык-Ата районунан 137, Кант шаарынан 110, Аламүдүн районунан 97, Сокулук районунан 129, Москва районунан 160 жана Жайыл менен Панфилов райондорунан биригип 56 адам Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунан учуп кетишти. Аларды  16 ажы башчы коштоду.

 

Ажылык сапарга 234 ажы кыргыз улутунан болсо, 562 ажы дунган улутундагылар болду. Ал эми калгандары өзбек, казак, лезгин, даргин, түрк, түркмөн, тажик, уйгур улутундагыларды түздү.