Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы Жети-Өгүз районунун имамдарына жаш балдарды мечитте сүнөткө отургузууга тыюу салынганын эскертишти. 

 

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, облустук казыят мечиттердин имамдарынын арасына сүнөткө отургузуу шарттары бир гана медициналык мекемелерде жүргүзүлөөрү тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрүштү. 

 

Маалым болгондой, Аң-Өстөн айылындагы мечитте бир убакта алты баланы сүнөткө отургузган кишини мурдагы имам чакырган. Эске салсак, ал балдардын биринен кан көп агып ооруканага жеткирилген.