Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү – мамлекеттик саясаттын кылмыштуулукка каршы күрөшкө жана адам сатуунун курмандыктарынын укуктарын коргоого багытталган артыкчылыктуу багыттарынын бири.

 

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышында билдирди.

 

Анын айтымында, өткөрүлгөн иш-чаралар коомчулуктун, анын ичинде жаштардын көңүлүн адам сатуу көйгөйүнө жана анын кесепеттерине бурдурууга багытталган.

 

«Адам сатуу глобалдык масштабдагы көрүнүш болуп калды жана транс улуттук уюшкан кылмыштуулуктун коркунучтуу түрлөрүнүн бири катары таанылат. Адам сатууну шарттаган бир нече факторлор бар. Алардын бири жумушсуздук менен байланышкан, жогорку айлык акы жана жакшы жашоо шарттарын издеген ички жана тышкы мигранттардын санын өстүргөн татаал социалдык-экономикалык абал. Адам сатуунун көпчүлүк курмандыктары – бул эмгекке жарамдуу калк», – деди вице-премьер-министр.

 

Алтынай Өмүрбекова баса белгилегендей, адам сатуунун алдын алуу бул маселенин комплекстүү мүнөзүн бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана өкмөттүк эмес уюмдар менен таануунун негизинде ишке ашырылат.

 

«Кыргыз Республикасында «жандуу товардын» экспортун шарттаган факторлор катары калктын укуктук сабатынын жетишсиздиги, географиялык абалы, транс улуттук кылмыш уюмдары менен күрөшүү тажрыйбасынын жоктугу саналат», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

 

Ал маалымдагандай, учурда Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү ишинин алкагында тиешелүү мыйзамдык жана эл аралык-келишимдик база түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-2020-жылдарга карата Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа ишке ашырылууда, ал жарандар арасында маалыматтык-түшүндүрүү жана билим берүү иштерин жогорулатууга багытталган.

 

«Сүрөт көргөзмө сатуунун курмандыгы болгон биздин жарандарыбыз туш болгон тобокелдиктерди жеткиликтүү түрдө көрсөтүү, ошондой эле  чет жактагы мигранттардын жашоосун, эмгек жана тиричилик шарттарын чагылдыруу негизги максатына жетет деп ишенем», – деди вице-премьер-министр.

 

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасы адам укуктарынын жана кызыкчылыктарынын негизги принциптерин кармануусун ар дайым ырастоого умтулат.