Жайыл районундагы компания  6,5 миллион сомдук жабдыктарын уурдатты. Бул тууралуу  Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

 

 

Маалыматка караганда, ошол эле ишканада иштеген кызматкерлер шектелип жатат. 

 

Ушул жылдын январь айынан бери укук коргоо кызматы уурулук боюнча ишти иликтеп баштаган. Ошол убакта компанияда иштеген кызматкер укук коргоо кызматына ишкананын кампасынан ширетүүчү жабдык, болгарка жана башка шаймандард жоголгонун билдирген.

 

Мындан улам уурулук фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган.

 

 

Арадан беш айдай убакыт өтпөй, июнь айында ошол эле ишканага кайрадан уурулук жасалган, бул жолу дагы ширетүүчү жабдык, болгарка уурдалган. Компанияга жалпысынан 6,5 миллион сом зыянга учураган. 

 

Шектүү катары компаниянын эки кызматкери кармалды. Алар: 30 жана 31 жашта. УУрдалган шаймандар болсо Бишкектеги соода борборлорунун биринде сатылып кеткени аныкталган