Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна 29-июлда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

 

Ооруканага баш-аягы 31 адам кайрылган болчу.

 

Дарыланып жаткандардын абалы туруктуу жана дары-дармек жетиштүү экени айтылды.

 

Өкмөттүн өкүлү жабыркагандардын ал-абалы менен таанышып, аларга материалдык жардам берди.

 

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.

 

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстандын Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге тажик желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

 

Тажикстандын Чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын, бир киши каза болгонун билдирүүдө.

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүштү.

 

Жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы азырынча расмий айтыла элек.