Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 6 айындагы  жарандардын кайрылуулары боюнча 15 кызматкерине жаза берди, ал эми 9 салык төлөөчү салык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.
 

Салык кызматына 6 айда жарандардан жана юридикалык жактардан бардыгы болуп 86 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 23 билдирүү – электрондук почта аркылуу, жазуу жүзүндө – 30, “ишеним телефонуна” – 31 жана массалык маалымат каражаттары аркылуу – 2 билдирүү.
 

Келип түшкөн арыздардын 35 – салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 20 – ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы, ал эми калганы – ар кандай маселелер боюнча болгон. Бардык кайрылуулар КР мыйзамдарына ылайык каралган.
 

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө 13 арыз боюнча факт ырасталган эмес жана 11 боюнча – ырасталган, жарым-жартылай ырасталганы – 1, ал эми 10 карап чыгуу стадиясында турат.
 

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында ар кандай жаза-чарасы колдонулган: 2 – кызматтан бошотулса, 3 кызматкерге карата катуу сөгүш, 2 – сөгүш жарыяланып, дагы 6 – эскертүү жана 5 кызматкерге катуу эскертүү берилген.
 

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузуулар боюнча 20 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 9 билдирүү боюнча фактылар тастыкталып, тартип бузуучуларга административдик мүнөздөгү чаралар көрүлдү. 6 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок, кароо стадиясында 5 факт бар.
 

Мындан тышкары жыл башынан тартып МСКнын жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда 39 жаран болду, алардын ичинен 21 адам жеке маселелер боюнч, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 15, кадрдык маселелер боюнча – 3 адам болду.
 

Салык кызматынын системасында жарандардын кайрылууларын ыкчам жана өз убагында кароо максатында, 61-31-89 номери аркылуу “ишеним телефону”, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  электрондук дареги ишке киргизилип, “коомдук кабыл алуу” кызмат көрсөтөөрүн МСК эскертет. Бул жарандарга ыңгайлуу болгон – жазуу, оозеки жана электрондук форманын каалаган түрүндө кайрылууга мүмкүндүк түзмөкчү.
 

Ошондой эле, жарандар салыкчылардын иш-аракеттерине гана эмес, салык мыйзамын бузуу менен өз ишмердигин жүргүзгөн ишкерлерге карата да даттанууга болот.
 

Келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча МСК тийиштүү чара кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөө, текшерүү, рейддик салыктык контроль жана хронометраждык иликтөө жүргүзөт.