Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү текшерген "Өспүрүм" рейди учурунда үйлөрдүн биринен колу керебетке байланган тестиер кыз табылган. 

 

9 жаштагы кыз таенеси менен жашаары белгилүү болгон. 1950-жылы туулган таенеси 1978 - жылы туулган кызы Бишкекке иштегени кетип, ошол бойдон кабарсыз кеткенин айткан. Ал эми небереси үйдөн кача бергендиктен колун керебетке байлап коюуга аргасыз болгон. 

 

Тийиштүү кызматтар кыздын апасы менен байланышууга аракет жасаган. Бирок, эне: "Мен жумуштамын! Сүйлөшө албайм!" - деп телефонду өчүрүп таштаган. Бүгүн гана апасы менен байланышууга мүмкүн болгон. Азырынча кыз кимдин колунда калаары чечиле элек. Эгер эне менен сүйлөшүү натыйжасын бербесе кызды фостердик үй-бүлөгө жайгаштыруу зарылчылыгы келип чыгаарын тийиштүү кызматтар билдиришти. 

 

Азырынча тестиер кыз   социалдык жайга жайгаштырылды.