Бүгүн саат 15:00дө Кочкор районунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдогон акция башталды. Иш чара райондогу маданий комплексте өтүүдө. 

 

Белгилей кетсек, бүгүн Сапар Исаковдун туулган күнү. Ал 42 жашка чыкты. Ошондой эле бүгүн ага байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурум Свердлов райондук сотунда болду. 

 

Акция мурдагы президенттин туулган күнүнө арналып, «Ак ийилет, бирок сынбайт» деп аталды. Ал жердеги күбөлөрдүн айтымында, 100 чакты адам катышууда. 

 

 

Эске салсак, Сапар Исаков "коррупция" беренеси боюнча шектелип, кармалган.