Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакын арада тез медициналык  жардам кызматына унааларды сатып алуу жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 35 млн сомдон ашуун бөлүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

 

Документке ылайык долбоорду ишке ашыруудан түшкөн айыппулдардын бөлүгү тез медициналык  жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

 

Бүгүнкү күнү жол кыймылынын эрежелерин бузуулар боюнча айыптардан 175 млн сом жыйналган. Бул каражаттардын бир бөлүгү кызмат көрсөтүүчүгө жол инфратүзүмүн, почта кызматтарды жакшыртууга, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноону башкарууну жакшыртууга берилет.

 

Көрсөтүлгөн каражаттардын бир бөлүгү – 35 млн сомдон ашуун тез жардам унааларын сатып алууга бөлүнөт.

 

Күтүлүп жаткандай, 2019-жылдын аягына чейин жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айыппулдарды жыйноо темпи ушул деңгээлде  сакталса, тез медициналык жардам кызматынын унааларын сатып алууга 70 млн сомдон ашуун бөлүнмөкчү.