Бишкек-Ош унаа жолунун 374-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарында 28-июлунда саат 16:38 чамасында “Хонда Стэп” жана “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам ар кандай жарааттарды алды.
Кырсык болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барышкан. Жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.