Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 миллион 572 миң 41сом акча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан которулду. 

 

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

 

Эсепке Финполиция  которгон каражат ушуну менен 763 миллион 324 миң 948 сом болду. 

 

Аталган каражаттар коррупционерлердин  мамлекетке келтирген зыянынын  ордун толтуруу үчүн топтолуп жатат. Ага УКМК, ИИМ  жана Башкы прокуратура каражат которгон.