Кыргызстан ТИМдин мурдагы башчысы Аскар Айтматов Түркиянын  Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фыраттан  35 млн 21 миң сом моралдык чыгым өндүрүүнү ниеттенип жатат.

 

 

Журналист Нарын Айыптын билдирүүсүнө караганда, Аскар Айматов түрк элчисинен алчу каражатка  Талас облусунун Шекер айылына  «Чыңгыз Ордо» мемориалдык комплексин куруу долбооруна жумшайт. 

 

Түрк элчиси аталган сумманы мурдагы министрге бир айдын ичинде төлөп бериши керек, а кокус төлөөдөн баш тартса анда сотко берет.

 

Эске салсак, Жеңгиз Камил Фырат Аскар Айтматовду ФЕТО уюмунун мүчөсү деп коомчулукка жарыялаган. А Аскар Айтматов өз кезегинде бул билдирүүнү куру жалаа катары баалаган.