Каттоодо турган аз камсыздандырылган үй-бүлөлөрдү текшерүү маалында, бир үйдөн колдору керебетке  байланган тестиер кыз табылган. 

 

Кыз табылган аймакта "Өспүрүм" рейди жүргүзүлгөн. 

 

Кийинчерээк маалым болгондой, ал үйдө  1950-жылы туулган аял, анын 1978-жылы туулган кызы жана 2010-жылкы небереси жашаган. 

 

Таене небереси тил укпай, үйдөн качаарын айтып даттанган. Мындан улам ошол күнү жумушуна кетип жатып, дагы бир небересине тестиер кыздын колун байлап салууну тапшырган. 

 

Маалым болгондой, кыз таенесинин колунда, апасы Бишкек шаарында иштейт, атасынын каза болгонуна 8 жыл болгон.