Генри Филдинг

 

 Өзүңүз  эле баам салып карап көрүңүзчү,  турмушубуз деги  өзү эмне болуп  баратат.  Ырас, турмуш   өз эле ордунда  казанын боркулдата    кайнатып,  жер өз огунда айланып жатат,  убакыт деген оңду-солду кайрык салып, мезгил өз өз вазийпасын  аткарууда,  ошо арада  “мителер”  менен  “желмогуздардын”  элдин көкөйүнө  көк таштай тийип, азап таңуулап мамлекетибизге бүлүк түшүргөн жосунсуз жоруктары эске түшүп кетип жатпайбы.   Көрсө,  мите  дегениң  жер  шарынын бардык булуң-бурчтарындагы  мамлекеттерден кезиге  бере турган  карапайым элдин чекесине чыккан  чыйкан сыяктуу азаптуу да, эң коркунучтуу жугуштуу да илдет  экен.  Бир  “ууч” пенделер ашкере байып алды, (көпчүлүк эл жарды болуп калды)  өз эмгеги  таман  акы маңдай  тери менен  байыса мейли эле,  элдин ырыскысын соруп, мамлекет “берекесине”  кол салып митечилдик менен туйтунуп дөөгүрсүп тургандарына  жан кашая түшөт экен.

 Өңгөсүн айтпайлы,  ЖЭБ окуясындагы жемкорлукту эле карап көрүңүзчү. Ал  жөнүндө  калайык-калктын  өзүндө капчык толтура маалымат  бар.  Аларды мисалдатып жая келсек  гезит бетине сыйбай  кетер. Көңүлдү иренжитип да  жиберер.  Мындай карасаң алар мыкты чыкма кашкайган эле адамдар.  Анан кайсы кара жылан чакты дейсиң да. Азыр элден өткөн көрөгөч жок,  билимдин кени да ошолордо.  Дегиси,” шибегени капка катууга болбой тургандыгын”  мезгил өзү тастыктап турбайбы.  Ал  эми топук   кылганды билбей   мителик  илдеттен арыла албай жаткан   пенделердин  сугалактыгын,  ач көздүгүн көргөндө   аттиң ай  карамакөрчүлүк деп алакан жайбаска арга жок. Ага  да эл өзү  тараза болуп турат.

 

Өздөрүн  “ак сөөк”  сезип  алган пенделер менен карапайым элдин турмушун салыштырып көрө бериңиз . Айта берип жадасак да, башка бирөөлөрдү  тажатсак да бул  ооздон  түшпөй  турган кеп болуп калды окшойт.  Айтпаска  арга жок. Анткени, күндө көргөнүбүз ушу болуп жатпайбы. Айтылбай турган  кеп эле , айтылып жатат өзү эле  дегендей. Демек, айтыла турган сөз ар дайым айтыла берет.  Аны уккусу келбей жек көрүп, калыс кептен безип кеткиси келип тургандар да капшыт  толтура.  Айла жок, “укмуштуунун  төөсү жорго” деген кезеңдин бир арбайы ушундан көрүнөт.

 

Бай менен кедейдин турмушу десе эле  чептей бекем салынган дворецтер менен жер кепелерди салыштыра көрбөңүз.  Ал бери эле жагы, сыртынан эле көрүп турганыңыз.    Ал эми өзүнө  курган турмушу хандыкынан ашса ашат,  эгерим  эч   качан кемибейт. Көрүнүп көрүнбөгөн байлыгын, чет мамлекеттеги таңгаларлык виллалары менен кооз турмушун  айтпай эле коюңуз. Андан чыгып эл турмушун көрө бер.” Бирөө казы, картаны сугунуп  жүрү, бирөөнүн көмөкөйү  куруп жүрү”  дегендей   көбүнэсе киши кишиге күйбөй  калган  көк мелтейленген бетпактык чеңгелин салып турган кезеңге кептелип турган кербезибиз, тууганым. Көптөгөн көрүнгөн жана көрүнбөгөн жемкорлор  мына эмесе  сага деп  өздөрүнө   эле сайран турмушту куруп салышты.  “Өзүм өзүм  дегенде өгүздөй кара күчүм бар “ дегендей. Ошонусуна көкүрөк керип,  даалдап жүргөндөр  канча  дейсиң.   Эл турмушун ким  ойлойт десең,  “өпкө жүрөгүн сууруп  чыгып”  төш кагып мына мен деп чабагандап ураан чакырып жүргөндөр да ошолор болуп  чыгып жатканын  кантесиң.

 

  Митечиликтин чынжыры  шалдырап кыжырды кайнатат.

 

Эл  бай  жана  кедей  болуп  эки  жээкке  бөлүнүп калды.  Эзелтен келаткан  социалдык теңсиздиктин жөнү бир башка,  бул жерде кеп аңыты  кудай да кечирбес  башка жакта  болуп жатпайбы, достум.  “Тең ичкен теңирге жагыптыр” деген накыл бар.   Ал эми бизде  “ колунан  келип, кончунан  басып тургандар” мыйзамдаштыруу деген”балакет”  мыйзамга таянып,  чакалайдын чак түшүндө  эл мүлкүн  кызылдай талоонго түшүрүп,  таламай салып  жиберишкенин ким билбейт. Бардыгы  мамлекеттики,   анда болгондор  мага  да таандык  деген түшүнүк  менен жашап келген эл  менчиктештирүү деген эмне экенин толук түшүнүп  түшүнө электе  ушундай таламайдын башталганы  эми ойлосок төбө чачты тик тургузат.  Кыргызда жоо чапкандай деген жаман сөз бар.  Ошентип,  бул  ирет  да “ өзөктөн  күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” дегендей “ капсалаң  салгандар”  адегенде   эле сырттан  эмес  өзүбүздөн  чыкты.  Эл канчалык кан какшап айтканы менен  бул көйгөй  күчөгөндөн күчөп келет, анткени турмуштун  өзү  ушуга окшогон “былгытмалардын” айынан каңырык түтөтүп турбайбы.

 

 Күрүлдөп жүрүп турган  завод-фабрикаларыбыз токтоп,   станоктору темир-тезекке кошулуп  сыртка сатылып, эл багып келаткан чарбаларыбыз жоюулуп, күтүрөгөн төрт  түлүк мал “мыкчыгерлердин”  колуна түшүп кетти. Мамлекет кубатын арттырып күжүлдөп иштеп турган көпчүлүк жумушсуз калды. Ири ишканалар кожоюндардын менчигине айланды. Балакеттин баары  ушул менчиктештирүү деген мыйзам   кабыл алынгандан кийин башталып кеткени өзүнөн өзү түшүнүктүү болуп турбайбы...  Эгерде, “меники”,”сеники” деген түшүнүктөр жок болсо,  жер жүзүндө мемиреген бейпилдик орнойт эле,-деп айткан экен тээ илгери эле Генри Филдинг деген даанышман.

 

 Мамлекетибиз эгемендик алганы “ жылкы  теппей,  жылан чакпай” калың элдин итке минген жарды болуп калганы, өлкөбүздүн экономикалык кедери кетип карызга батып турганы, эгемен болуп туруп кээде  көзкорго окшоп  өз “жемибизди” тарттырып коюп жатканыбыз  кантип зээн кейитпесин.   Муну  сен  айтпасаң,  сен күйбөсөң, мен айтып,  мен күйбөсөм, анда   ким айтат,- деген экен бир кеменгер. Күйгөн токой болгондон улам чыккан сөз да.  Эл айтып жатпайбы.  Эгерим, буларды биз жазып койгонбуз , эски  тема  дей көрбө достум. Бул жалганда жазылып бүткөн тема жок.  Айтылып бүткөн сөз жок  Айлампа турмуштан кайда качып кутулмак элек. Анда баары кайталанма. Кечээги менен бүгүнкү тынымсыз үн алышып турганы. Турмуш өзү ушундай болуп жатса тегеректи айланып чуркай беребиз да.  Элдин арасында,  көптүн карасында айтылбай калган сөз жок экен. Ошолорду ордунан козгоп бат-бат айтып туруш керек тура.  Антпесе,  теманын эле эмес, сөздүн да кунары кетет экен. Айлампа турмуштун касиети да ушунда, оо кудуретиңден айланайын жараткан. Сөз касиети болбосо турмуш сенек болуп калмак, өнүгүүнүн тутандыргычы да, күүлөндүргүчү да  сөз. Карап көрсөм 29 жылдан бери биз саясат жана турмуш деген эле теманы жазып келе жатыптырбыз.   Бири  бирине  коендой окшош, анын  үстүнө азыр  саясат менен  турмушту  эр болсоң  ажыратып карап көр. Экөө эгиз тема болуп калды, көпчүлүк саясатчы болуп кетти. Ал эми саясатчылардын  арасында бул илимдин тереңин казгандан, анын кубулуштарын  үйрөнүп мамлекет кызматына койгондун ордуна, мансапка  жутунгандары көбөйүп кетти. 

 

 ... Эми биздин турмушту карап көрөлүчү.  Айрым бир “ чириген”  байлар менен  карапайым  элдин турмушун  үстүртөн  эле  карап  койсоңуз агы ак, кызылы кызыл болуп бөлүнүп чыга келет. Салыштырып көрдүңүз, эмне деген жек көрүмчү контраст бул өзү. Колунан келип кончунан басып тургандар кызарган нерсенин баарын  ээлеп  калышкан. ( Эмнелер экенин  айтып олтурбайлы, эл өзү билет). Мыйзамга  таяган болуп көзгө көрүнгөн дүйнө атпайлардын көпчүлүгүн ( завод, фабрика, соода, коомдук тамактануу жайлары ж.б. толуп жаткан  дүйнө мүлк) колу жеткендери, күчү келгендери текейден арзан  баага  менчиктеп алышкан. Ал эми элге ушу кезге чейин жаңысын куруп берише элек. Ѳздѳрүнүн эле тойканасы менен дворецтерин, жомок турмушун куруп, байлык кѳбѳйтүүнүн  кулуна айланып жер баспай калышты. Кудайды карашса боло. Турмушта кудайдын  кѳзү бар экенин унутуп коюшту.  Азыр анын азабын тартып тозокко кирип чыгып жүргѳнүн билбей оопасыз турмуш  ѳткѳрүп куйкаланып жүргѳндѳр  четтен кезигет. Алар мурда колумдан келип турганда билгенимди кылам, ким кѳрмѳк эле, каяша айтып каршылык кѳрсѳткѳндѳрдүн жаагын жап кылам деп оозун эле баспастан ѳздѳрүн орго салып, ѳтүгүн тѳргѳ илип келишкен.  Кѳрсѳ,  астыртан жүрүп турган кудайдын мыйзамы бар экен.  Андан эч ким  кыйгап кутулуп  кете албайт тура.  Буйтамак турсун каргыса да  капканы чаап калат экен. Пенделердин жорук-жосуну бер жакта эле калып жаткандай, жараткандын кѳзѳмѳлү баарынан  күчтүү да, ѳзгѳчѳ кудуреттүү да болорун турмуш ѳзү кѳрсѳтүп келет. Ошону сезип, тообо кылыш керек.

 

Менчиктештирүү   капсалаңы  башталганда  алар  эмнени  талоонго алып, талкалоо “эпопеясын” баштап жатышканын билишти болду бекен.  Бул деген эне-атасы тер төгүп, кан төгүп курган өлкөнүн берекесин сындыра  чаап,  аесуз талкалоого алган ачкүсөндөй  ачкөздүктүн жеткен чеги болгонун ачык эле айтып коюушубуз керек.  Адегенде эле, туура саясат жүргүзө албай, өлкөнүн үрөйүн  учуруп алапайын кетиргендерди, баш аламандыкка, талап-тоноого жол ачып берген төбөлдөрдү, мамлекеттин, элдин ырыскысын менчиктеп ала бер деген мыйзам кабыл алып бергендерди  ким экендигине карабастан  жоопкерчиликке чакырыш керек болчу. Жаза беришет деп айтчулар да четтен чыгар. Кеп жазганда эмес, элдин  айтып жаткандыгында,болгондо  да турмуш күзгүсү кашкайтып  көрсөтүп тургандыгында. 

 

Мамлекеттин байлыгына оңбогондой  доо кетирген  орду толгус жоготууга туш кылган, жакырчылык абалга кептеген  чечимдерге, анын  ана башыларына  мезгил өз чечимин чыгарбай койбойт. Алар элге чыккынчылык кылып, колдогу ырыскысын тартып алып ѳздѳрүн  ээн- талаага чыгарып салып, ѳзүңѳ иш таап каалаганыңдай жашай бер деп жумушсуздуктун дарбазасын ачып жиберишти. Кургуйдун оозу оңурайып кѳрүнгѳн бул опурталдуу кезеңде элдин кандай азапка тушукканын айтпай эле коелу. Эл ѳз жолун ѳзү таап  жан багып кеткени менен  анын азаптуу карааны биротоло алыстап кеткен жок.

 

...  Ушу кезде биздин  өлкөдө кандай турмуш  гүлдөп  өсүп,  тамыры чайлап  дүркүрөп бара  жатканына өзүңөр баа берип, таразалай бергиле. Өңгөсүн айтпайлы томуктай эле бир мисалдын  мыскалын карай бериң.  Бирөөлөр  баш паана кылар там салганга 5  теше  жер  тилкесин ала албай  жүрсө, дагы бирөөлөр( колунан келгендер кончунан басып, коюн-колтугуна чейин эл байлыгын шыкап алгандар) гектарлап менчиктеп алган  жерлерин өзүбүздүн эле элге сатып  байлыгына байлык кошуу менен  убара.   Бул өзү деги эмне деген контраст, хаос. Мансабы менен байлыгына чиренип мыйзамга  ылайыктатып алдык деген жерлерди айрым төбөлдөрдүн кызыл кулактык менен соодалашына жол берилип  жатса   эл эмне дейт. Жер сураган эл кантти экен деп кызыгып койгондор барбы?  Алар да өсүп-өнүп,  бала-чакасы көбөйүп жатат.  Элге  ар дайым  жер керек. Мамлекетте жер эч качан, эч кимге сатылбашы керек. Кыргыз баласы  өз алдынча  мамлекет болуп түтүн булатканы эч качан  жер саткан эмес.  Илгери бир замандарда жер сатканы билинсе  ким экендигине, ал турсун аким экендигине карабастан, өзүнө жер каздырып туруп тирүүлөй көмүп салышчу экен. Мына  сага жаза деген, мыйзамдын  күчү ушундай болгон.   Мыйзам күчүнө кирсе эр болсо төрөлөр жер сатып көрсүн.

 

Биз кандай түзүлүшкѳ ыктап жашап жатканыбызга карабастан эң биринчи иретте  калайык-калктын таламдарын   

баарынан бийик коюп,  элдин бактылуу турмушта жашашы үчүн камкордук кѳрүшүбүз керек.   Ушул бийик максаттын жүзѳгѳ ашып ѳтѳсүнѳ чыгышы гана мамлекеттин келечегин аныктап, ѳнүгүүнүн жаркын мейкиндиктерин ачып бере алат.

 

Бизде чектен чыгып дөөгүрсүгѳн төрөлөр  аябай эле кѳбѳйүп кетти.   Жемкорго айланып кеткендери ырайы суук ажыдаар кейиптенип жер-сууга батпай жүрѳт. Эми алардын жоругун  айтып олтурбайлы. Ѳлчѳѳсү ѳзү менен  кетсин. Элдин убалына калгандар оңбой каларын турмуш ѳзү кѳрсѳтүп турат.  Ар кыл төрөдө ар кандай кыял болот экен. Ошонусу менен күүлөнүп көрүнүп турушат.  Ансыз аларга жашоонун кызыгы  жоктой. Элге чыгабыз деп оолуккандары  да ошондон болсо керек. Жүйөөлүү  иш менен  чыкса бир жѳн, обу жок аңыраңдап алабармандана берсе жакшы эмес.  Амбициясы өргө чаап, терс кыялы ойт берип, кызуу кандуулукка  алдырып  эл жактырбаса да ала салдырам деп  эңиреңдеп турса айла жок. (Же өздөрүн бир гений сезишеби. Байлыгы менен мансабына келишкенсип  көкүрөк кермейи менен көк беттиги  эле болбосо  элден өткөн  эч нерсеси жок .  Алары, дүнүйѳ атпайы бер жакта эле каларын, ѳздѳрү утурумдук  эле экенин унутуп калышкандай ). Антпесе, итатайлары тутулуп калмайлары бар. Жемкорлордун азаптуу кургуйу жеп-ичкенди “өнөр” тутуп, адат кылып  алгандыгынан башталып турат.  Элге, мамлекетке залалым  тийип  кетпесе экен деп ойлоп коет бекен ал кургурларың.  Алардын көзүн ачып, тартипке чакырып  коюу турмуштун шарты, бийлик мунарасындагылардын парызы.  Кыскартып айтканда мыйзам буйлаланган төө эмес.  Ал баарыга  тең  иштеш керек. Азыр элдин айтып турганы да ушул кеп. Ал эми пенде турмушуна жанаша эле жараткандын мыйзамы жүрүп турганын унутпай эстеп турганыбыз жакшы.

 

 

 

Меңдибек Асылбеков, Булак: “Майдан. kg” гезити