Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду тарапташтары анын эркиндикке чыгышын талап кылган флешмобду ишке киргизишти. Интернетте башталган акцияны КСДПнын жаштар канаты уюштурду. Анда, катышуучулар мурдагы премьер-министрдин сүрөтүн социалдык тармактарга #свободу_сапару_исакову хэштеги менен жарыялай башташты.
Бүгүн Сапар Исаковдун туулган күнү. Ал 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ушул бүгүн Свердлов райондук сотунда ага байланышкан кылмыш иши боюнча процесс болот.